Түрк жигити 800 метр бийиктикке керебети менен учуп, бала кездеги кыялын орундатты (Видео)

23 сентябрь 2020 09:26 1112 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Парапланда секирген түрк учкучу Хасан Кавал бул жолу адаттан тышкаркы трюк жасады. Ал жерден 800 метр бийиктикте жаткан керебети менен учуп жүргөн видеосун жарыялады. Бул тууралуу анын соц тармакка жарыялаган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кавал керебети менен асманда каалгып учуп жүргөн учурда уктап, буга чейин болуп көрбөгөндөй сезим калтырганын айтты. Бул аракет социалдык тармактын колдонуучуларына таасир калтырды.

«Кичинекей кезимде, төшөгүмдө уктап жатканда ар дайым учууну кыялданчумун. Эгерде сиз чындап эле бир нерсе каалап жатсаңыз, анда ал сөзсүз болот деп ишенем”, -деп видеого комментарий берди.

Ссылка: https://barometr.kg/trk-zhigiti-800-metr-bijiktikke-kerebeti-menen-uchup-bala-kezdegi-kyyalyn-orundatty-video



Добавить комментарий