Төрага Талант Мамытов коронавирус менен ооруп калды
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов коронавирустан улам ден соолугу начарлагандыктан президенттин иш башкармалыгына караштуу клиникалык ооруканада станционардык дарылоодон өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
“Азыркы учурда төраганын абалы туруктуу, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө”, - деп айтылат маалыматта.
Бир нече күн мурда төрага коронавируска каршы ПЦР-тест табыштап, ал терс жыйынтыкты көрсөткөн.
Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин аппаратынын 13 кызматкеринен, анын ичинен төраганын кабылдамасында иштеген кызматкерлердин арасында COVID-19 аныкталды. Парламенттин 36 кызматкери аралыктан иштөө режимине өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/traga-talant-mamytov-koronavirus-menen-oorup-kaldy
Добавить комментарий ×