Төрага Ирандын элчиси менен жолукту

10 март 2020 15:42 627 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Ирандын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харазини кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Төрага Дастанбек Жумабеков алгач Саид Харазини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, тажрыйбалуу элчи катары эки мамлекеттин байланышын чыңдоого салым кошоруна үмүт артарын билдирди.

Ошондой эле Кыргызстан Иран менен достук мамилени өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин Дастанбек Жумабеков айтты. 

“Анын ичинен соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо артыкчылыктуу багытка ээ. Анткени,  эки мамлекеттин соода-экономикалык дарамети толук өлчөмдө пайдаланылбай келет. Учурда 30 млн. АКШ долларын түзгөн соода жүгүртүүбүздүн көлөмүн көтөрүшүбүз керек”, – деди.  

Муну менен катар Ирандын айыл чарба тармагында, чакан жана орто ГЭСтерди куруу багытында тажрыйбасы чоң экенин айткан Төрага Кыргызстан бул жаатта инвестиция тартууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Ал эми парламенттер аралык кызматташтык да өлкөлөр ортосундагы байланышты өнүктүрүүгө өбөлгө болоруна токтолгон Дастанбек Жумабеков Иран Ислам Республикасынын парламентинин Төрагасын расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Андан тышкары, Иран менен Түркмөнстандын чек арасында турган кыргызстандык айдоочулардын өлкөгө кайтып келүүсүн камсыздоо багытында жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу кеп кылган Дастанбек Жумабеков элчиден аталган маселени чечүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

Өз кезегинде Ирандын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харази жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирди. Биздин өлкө Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан менен болгон бардык багыттагы кызматташтыкты ар убак кеңейтүүгө кызыкдар. 

Мындан тышкары, жолугушууда дүйнөнү, анын ичинен Иранды каптаган коронавирус илдети тууралуу сөз болуп, Төрага Дастанбек Жумабеков оорудан каза болгондорго көңүл айтуу менен вируска чалдыккандардын тез арада сакайып кетишин тиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/traga-irandyn-elchisi-menen-zholuktu



Добавить комментарий