Түптө жол кырсыктан 18 жаштагы жигит каза болду

7 май 2021 10:39 1300 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түп районунда айдоочу рулга ээ боло алалбай бакты сүзүп, 18 жаштагы жигит  каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Түп районунда 7-май күнү саат 00:57 чамасында Шаты-Ичке-Суу-Талды-Суу унаа жолунун 1-чакырымында (Шаты айылы) БМВ-525 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ болбой жолдун жээгиндеги бакты сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен 2003-жылы туулган эркек киши каза болуп, 3 эркек адам жабыркаган (2003-ж.т., 2003-ж.т., 2003-ж.т.).

Жол кырсыгы катталган жерге  КР ӨКМнин №34 ӨКБ куткаруучулары тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган жарандар тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген",- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/tpt-zhol-kyrsyktan-18-zhashtagy-zhigit-kaza-boldu



Добавить комментарий