Тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

29 апрель 2020 14:51 782 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Гидрометеорология боюнча агенттиктин маалыматы боюнча 29-30-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 

Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

29-апрелден 3-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү ыкытмал, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/tooluu-zhana-too-etekterindegi-rajondorunda-sel-zhrsh-mmkn



Добавить комментарий