Бүгүн тоолуу аймактарда кар жаайт

6 март 2020 09:41 501 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 6-мартта, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Нарын облусунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.

Тоолуу райондордо  жолдор тоңголок, тайгак болушу жана кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

 

Ссылка: https://barometr.kg/tooluu-rajondordo-kar-zhaajt



Добавить комментарий