Тоолордогу көчүп түшүү коркунучу бар карлар пушка менен атып түшүрүлүүдө

13 февраль 2019 10:52 1005 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары бүгүн, 13-февралда дагы улантылат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Кечээ 12-февраль күнү КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы Штабынын артиллериялык эсеби жана КР ӨКМнин ыкчам тобу тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымда 3800 м3, 222-чакырымында (Ала-Бел ашуусу) 10 000 м3, 223-чакырымда (Ала-Бел ашуусу) 32 000 м3 кар көчкү түшкөн.

12-февраль күнү Бишкек-Ош унаа жолунда жалпы 45 800м3 кар көчкү түшүрүлгөн.

КР ӨКМдин Гидрометеорология боюнча агенттигинин болжолдоосуна ылайык, 2019-жылдын 9-февралынан 12-февралына чейин Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (74-76, 88-89, 100-115-чак.) жана Сары-Таш-Кара-Мык (98-123-135-чак.) унаа жолдорунда жана 11-февралдан 16-февралга чейин Бишкек-Ош унаа жолунда (121-138-чак. Төө-Ашуу ашуусу, 198-265-чак. Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) артиллериялык куралды колдонуп кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу 2019-жылдын 7-февралында “Кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чарасын өткөрүү жөнүндө” КР ӨКМдин орун басарынын №93 буйругу чыккан.

Ссылка: https://barometr.kg/toolordogu-kchp-tsh-korkunuchu-bar-karlar-pushka-menen-atyp-tshrld



Добавить комментарий