Томас Бах: Токиодо өтө турчу Олимп оюндары Пекинде болушун колдойм

11 май 2021 11:51 1448 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) президенти Томас Бах уюм олимпиадалык кыймылдын саясатташуусуна каршы экендигин айтты. Ошондой эле, ал жайкы Олимп оюндарын 2022-жылы Кытайдын Пекин шаарында өткөрүүнү колдой тургандыгын билдирди. Бул тууралуу эл аралык Олимпада комитетинин сайтына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

«Эл аралык Олимпиада комитети Олимп оюндарынын талаптарын карманат жана олимпиадалык кыймылдын саясатташуусуна каршы. ЭОК Кытай менен тыгыз кызматташууга, Олимп жана Паралимпиада оюндарын өз убагында өткөрүү үчүн Кытайга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр. Пекин Олимп оюндары дүйнөгө COVID-19 пандемиясына каршы күрөштүн үлгүсүн көрсөтөт », — деген Бах.

Кышкы Олимп оюндары 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралына чейин Пекинде өтөт.

Белгилей кетсек, Токиодогу Олимп оюндарына жана Паралимпиадалык оюндарга каршы петиция башталып, 47 сааттын ичинде 191 миңден ашуун кол топтолгон.

Ссылка: https://barometr.kg/tomas-bah-tokiodo-t-turchu-olimp-oyundary-pekinde-bolushun-koldojm



Добавить комментарий