Толкунбек Абдыгулов эмне үчүн Кыргызстанда насыялардын үстөгү жогору экенин айтты

10 сентябрь 2021 11:29 1350 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда банктардын пайыздык үстөгү жогору деп көп түшүнбөстүктөр келип чыгат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Анын айтымында, пайыздын ставкасы бир катар факторлордун негизинде калыптанат. Биринчиси бул экономика, Кыргызстан агрардуу өлкө болгон үчүн ал тобокелдиги жогору деп эсептелинет.

“Ошондуктан бизде КМШнын башка мамлекеттерине салыштырганда үстүк пайыз жогору. Өндүрүштүн үлүшү канчалык көбөйсө бизде пайыздык үстөктөр ошончо төмөндөйт”,-деп айтты төрага.

 

Ссылка: https://barometr.kg/tolkunbek-abdygulov-emne-chn-kyrgyzstanda-nasyyalardyn-stg-zhogoru-ekenin-ajtty



Добавить комментарий