Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондуна кеңешчи болуп иштейт
“Сизге саясий жана башка кысымдар болдубу?”,-деп сурады 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдон. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
“Эч кандай саясий кысым болгон жок. Президент тиешелуү буйрук чыгарганын мага маалымдашты. Мен Кыргызстандын атынан Эл аралык валюта фондуна кеңешчи болуп кетип жатам. Анткени акыркы кездерде Кыргызстанга квота көбөйдү жана баарын биздин өлкөнүн өнүгүшүнө багытташыбыз керек”,-деп айтты Абдыгулов.
Ал ошондой эле Кыргызстандын алтын резервдери азайбаганын жана гипер инфляция жок экенин кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, парламентте Абдыгуловдун отставкасын кабыл алуу маселеси каралууда.
Ссылка: https://barometr.kg/tolkunbek-abdygulov-el-aralyk-valyuta-fonduna-keeshchi-bolup-ishtejt
Добавить комментарий ×