Толгонай Арзыкеева: Үч жарым жыл өткөндөн кийин ал менин колумду сурады

14 август 2021 11:20 2457 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Толгонай Арзыкеева жигити менен үч жылдан ашык сүйлөшкөн. Бул тууралуу ырчы социалдык баракчасына маалымдаганын “Барометр” билдирет.

“3,5 жыл өткөндөн кийин ал менин колумду сурады. Мен ооба деп жооп бердим.Ар бир кыз бул сезимди башынан өткөрүүсүн жана бактылуу болуусун каалайм”,-деп жазды ырчы.

Эскерте кетсек, буга чейин Толгонай Арзыкееванын жакында тою боло турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган. Бул боюнча КРнын эмгек сиңирген артисити Мирбек Атабеков социалдык баракчасына  “Достор, Кудай буюрса Толгонай Арзыкеева жакында бизге келин бала болот! Менин жакшы көргөн кайним Нурсултан Толепберген колун сурады! Экөөңөргө абдан кубанычтамын! Каалоо-тилектерди тоюңар болгондо айтам!”,-деп билдирген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/tolgonaj-arzykeevach-zharym-zhyl-tkndn-kijin-al-menin-kolumdu-surady



Добавить комментарий