Толгонай Арзыкеева Нурмат Садыров менен эмес. Анын жигити Мирбек Атабековдун кайниси
Кыргыз эстрадасына жаңыдан кадам таштап келе жаткан ырчы Толгонай Арзыкеева Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Толепбергендин иниси менен кыз жигит болуп жүргөнүн ачыктады. Толгонай өзүнүн инстаградагы жеке баракчасына жигит менен түшкөн сүрөтүн жүктөп көптөр күткөн суроолордун жообун берди.
Маалым болгондой бир топ убакыттан бери Арзыеева ырчы Нурмат Садыров менен сүйлөшөт экен деген имиштер тарап ырчылардын күйөрмандары жаңылык күтүп келишкен эле. Эми минтип Толгонай таптакыр башка жигит менен мамилеси бар экендигин ачыктап олтурат.
Бирок жигити тууралуу толук маалымат бере элек. Толгонай Арзыкеева көпчүлүк катталуучулары "Толгонай Нурматты ыйлатты", "Нурмат ыйлайт эми" деген өңдүү пикирлерди жазып калтырышууда.
Добавить комментарий ×