Блогер Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип кармалды

26 октябрь 2021 10:38 2889 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Блогер Гүлзат Мамытбек Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Укук коргоо органдарына 7 жаран Мамытбекти алдамчылыкка айыптап арыз беришкен. Алар блогер кыска мөөнөткө көп киреше таап берем деп жарандардын ишенимине кирип акча алып, убадасын аткарбай койгонун билдиришкен. Келтирилен чыгым 110 миң сомдон ашкан.

Аталган факты Кылмыш кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча Кылмыштардын жана жосундардын бирдиктүү реестрине катталды.

Шектүү 2020-жылдын февраль айында Кыргызстандан кеткени белгилүү болгон. Былтыркы жылдын 8-июнунда блогерге алдамчылык боюнча сыртынан айып тагылган. 8-августта ага издөө жарыяланган.

Кечээ, 25-октбярда Мамытбек Кыргызстанга келген кезде кармалды.Бишкектин Биринчи май райондук ИИБинин кызматкерлери аны кармап Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камашты. Тергөө башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/bloger-glzat-mamytbek-aldamchylykka-shektelip-karmaldy



Добавить комментарий