Токтошев: Коомдук унааларды тез жардам кызматына тарткыла
«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмиль Токтошев учурдагы пандемияга байланыштуу, медицинада хаос башталганын белгиледи. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасындагы маалыматка таянуу менен «Барометр» билдирет.
Маалыматта, Бишкекте азыркы эпидемиялык абал оор. Элдер массалык түрдө ооруй баштады. Оорунун симптому коронавирустун симптому менен дал келет. Өпкөсү ооругандардын да симптомдору коронавирустун симптомуна дал келип жатат. Демек коронавирустун бир нече түрү бар. Ар кимде ар түрдүү болуп башталат экен, бирок жалпы симптомдору бирдей. Жайында мынчалык өпкө жана грипп оорулары мурда катталбагынын айтат.
«Саламаттыкты сактоо министрлиги статистика цифрасынан башка элге так маалымат бербей жатат. Медицинада хаос башталды. Азыр 118 номерин элдин чалуусуна жетишпей калды, тез жардам кызматы элди ташып жетишпей, кезектегилерге эки-үч күндөн кийин келет экен», - деп жазган Токтошев.
Соңку күндөрү шаар тургундары ооруканага барса албай койгон учурлар чанда кездешип, анын кесепетинен көз жумгандар да каттала баштады.
«Өзү баргандарды эч бир оорукана кабыл албай жатат. Тез жардам аркылуу гана кабыл алат. Тез жардамды эки, үч күн күтүп жатып өлүп калса ким жооп берет? Эмне үчүн жеке лабораторияларга тест тапшырганга уруксат берилбей жатат? Эмне үчүн жеке ооруканалар кабыл алганга уруксат берилбейт? Мына кечээ бир киши өпкөсү ооруп барса оруканалар кабыл албай, оорукананын оозунда каза тапты, буга ким жооп берет!? Дагы кайталайм, медицинада хаос башталды. Эпидемияны көзөмөлдөй албай калышты», - деп кошумчалады ал.
«Шаарды камсыздоого 120 тез жардам машинасы керек дейт, болгону 40тай эле машина болуп жетишпей жатат деген шылтоону айтышат. Спец машинаны алып келгиче кырылып калат го мындай болсо. Тезинен иши жок жүргөн маршрутка айдагандарды чакырып, бустун ичин кайра жасатып, айдоочулардын айлык акысын төлөп беришсе иштеп беришмек. Медициналык окуу жайлардын жогорку курстагы студенттерин мобилизациялоо керек. 204,227, 250, 309 эртең эки эселеп дагы көбөйсө эмне болот? Урматтуу премьер-министр Кубатбек Айылчиевич! Азыркы Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллективи менен элдин убалына каласыз. Тезинен иш билген, чечкиндүү (айрыкча уюштуруучулукту) кишилерди алып келбесеңиз элди бей ажал кырып албайлы», -деп оюн толуктады депутат.
Добавить комментарий ×