Токтогулда малчылар алсырап, ачка калган сүлөөсүндү таап алышкан

16 март 2021 11:10 3014 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда малчылар сүлөөсүндүн алсырап калган күчүгүн таап алып, жаныбарларды коргоо фондуна өткөрүп беришти. Бул тууралуу “Бугу Эне” фонду соцтармактагы баракчасына жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Болжол менен 9-10 айлык жаш сүлөөсүн энесиз калып, узак убакытка чейин ачка жүрүп, алсырап, тоңуп, кошарадагы малчыларга келген.

Малчылар алсырап калган сүлөөсүндүн баласына тамак берип, анан, экотехинспекциянын кызматкерлерин чакырган.

Сүлөөсүн кармалып, түн ичинде Каракол шаарындагы “Бугу Эне” зоопаркына жеткирилген.

Экотехинспекциянын жана “Томас” ветеринардык клиниканын кызматкерлери сүлөөсүндү текшерип, керектүү процедураларды жүргүзүшкөн.

Фонддун кызматкерлери жаныбар аман калат деген үмүтү бар экенин айтып, процедуралар бүткөндөн кийин ал жылуу жерде кармалып турарын билдирди. 

Ссылка: https://barometr.kg/toktogulda-malchylar-alsyrap-achka-kalgan-slsnd-taap-alyshkan



Добавить комментарий