Токой чарбасын коргоо агенттиги 2,5 миллион сомго дрон сатып алат

14 август 2018 01:35 1733 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Токой чарбасын коргоо агенттиги 2,5 миллион сомго дрон сатып алат  Бул тууралуу аталаган мекемеден билдиришти.  

Маалым болгондой, курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттиги мындан ары жаратылышка зыян келтиргендер менен дрондун жардамы аркылуу күрөшөт. Учуучу видеоаппараттарды сатып алуу үчүн 2 миллион 453 миң 996 сом каралган. Учурда Мамлекеттик сатып алуу порталына ачык тендер жарыяланды. 31-августка чейин сынакка катышуу үчүн арыздар кабыл алынат.  Аталган мекемеден билдиришкендей, дрондун жардамы менен браконьерлерге каршы күрөш жүргүзүүдөн сырткары айлана-чөйрөдө болуп жаткан көрүнүштөр каттоого алынып, токойлордун карталары түшүрүлөт. Маалымдалгандай,  учуучу видеоаппараттарды сатып алуу үчүн 2 миллион 453 миң 996 сом каралган.

Ссылка: https://barometr.kg/tokoj-charbasyn-korgoo-agenttigi-25-million-somgo-dron-satyp-alat



Добавить комментарий