Москвага учкучсуз учактар менен чабуул жасалды

30 май 2023 11:22 413 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москвага учкучсуз учактар менен чабуул жасалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышкан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 
 

Маалым болгондой, бүгүн, 30-майда Орусиянын Москва облусунун Красногорск жана Одинцово шаарларынын жашоочулары жардыруу болгонун билдиришкен. 

Baza Telegram каналынын маалыматына караганда, дрон турак үйдүн 16-кабатындагы батирдин терезесине кирген. 

Белгиленгендей, аппараттын канаты эки метрге жакын.  Үйдүн жашоочулары эвакуацияланганы кабарланды.  

Ага чейин, абадан коргонууну тууралуу жана шаар четинде угулуп жаткан жарылуулар тууралуу айтылган.     

Алар пилотсуз учактардын айрымдары Москвага жакындаганда атып түшүрүлгөнүн жазышууда.    

Пилотсуз учактын чабуулу тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин тастыктады. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок, деди ал. "Бүгүн эртең менен учкучсуз учактын чабуулунан улам бир нече имараттар анча-мынча жабыркады. Окуя болгон жерде шаардын бардык өзгөчө кырдаалдар кызматтары иштеп жатат. Окуянын чоо-жайын тактап жатышат. Оор жаракат алгандар жок. Расмий булактарга гана ишенип, такталбаган маалыматты таратпаңыз”, — деп жазды ал өзүнүн Telegram каналында. 

Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев да Москвага жакын аралыкта бир нече дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.  
 
 
 
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/moskvaga-uchkuchsuz-uchaktar-menen-chabuul-zhasaldy



Добавить комментарий