Токой чарбасы агенттиги Илимдер академиясынын долбоорунан пара алууга кызыкдарбы?
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги Улуттук Илимдер академиясынын Суу маселелери жана гидро энергетика институтунун мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүү боюнча долбооруна кол койбой жатканын парламенттин жыйынында айтты.
Рыспаев Глобалдык климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу сунуун көлөм, дарыялардын көлөмүн аныктоо үчүн мөңгүлөргө монитринг кылыш керектигин белгилеп, бул жаатта Илимдер академиясынын аталган институту ЮНЕСКОнун Глобалдык фондунун грант алууга аракет кылып жатканын белгиледи.
“Улуттук Илимдер академиясынан суу маселелери жана гидро энергьика институтунан кайрылуу түшкөн. Алар ЮНЕСКОдого Глобалдык экологиялык фондунан долбоордун алкагында мөңгүлөргө мониторинг кылуу боюнча грант алып келип жатышат. Бул бардык министрликтерден колдоо таап, бирок, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги колдобой жатканы бизди өкүндүрөт. Эгер бул грантты, Улуттук академиянын эмгегин талаага китирбейли десек, ага 15-мартка чейин кол коюп берүү керек. Бир гана Токой чарбасы кол койбой турат. Ага чейин жетишпей калсак, бул каражат Тажикстанга которулуп кетет. Эки күн калды”, — деди ал.
Депутат андан сырткары Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги мындай аракети менен пара үмүт этип жаткандай таасир калтырып, ошонун элементтери байкалып жатканына токтолду.
Рыспаев өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, тез аранын ичинде бул ишке колдоо көрсөтүү керектигин айтты.
Добавить комментарий ×