Токой чарба мамагенттигинин директору Рустамов жардамчысы экөө 2 айга камакка алынды
Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов менен жардамчысы Араслан Ибраев 2 айга камакка алынды.
Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кечээ кабыл алды. Шектүүлөр 1-октябрга чейин Улуттук коопсуздук комитетинини (УКМК) тергөө абагына камакка алынды.
Рустамов менен Ибраев пара алып жаткан жеринен 31-июлда кармалган.
Шектелгендер чет элдик жаранга Ананьево айылындагы Ысык-Көл токой чарбасынын жер фондунан беш гектар жер берүү маселесин оң жагынан чечип берүү үчүн пара талап кылышкан. Аларды тинтүү учурунда ар биринин жанынан 1000 доллардан чыккан. УКМК аны пара катары санап жатат.
УКМК кийин аларды кармоо учурунда тартылган видеону да жарыялады.
Добавить комментарий ×