Токмоктогу психоневрологиялык стационарга 70 756 долларга керебет, килем берилди
Чүй областынын Токмок шаарындагы №2-Психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине жардам иретинде заманбап тиричилик техникалары, жаңы эмеректер жана курулуш материалдары берилди.
Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. Мурда макулдашылган грант-келишимге ылайык аталган социалдык мекемеге берилген жардамда 20 даана керебет, 4 даана кийим салгыч шкаф, ашкана стол-отургучтар, килемдер, кийим кургатуучу аппарат, тоңдургуч, линолеум жана курулуш материалдары бар.
Гранттык жардам Япония Өкмөтүнүн «Чөп тамыры жана адам коопсуздугу» программасынын алкагында берилген.
Жардамды берүү салтанатына Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаныл Алыбаева, Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Ёсихиро Ямамура мырза катышты
Добавить комментарий ×