USAID Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарды колдоого 230 миң доллар бөлдү

27 август 2020 11:48 885 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) коронавирус учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды колдоо үчүн Кыргызстандагы он бир уюмга 230 миң доллар грант бөлүп берди. Бул тууралуу USAIDдин  Бишкектеги кеңсеси берген маалымтка таяны “Барометр” билдирет.

«Абийир эл» (Ысык-Көл), «Активист» (Баткен), «Аялзат» коомдук бирикмелери (Талас), «ДИА» (Ош), «Каниет» кризистик борбору (Жалал-Абад), «Нуржолбер» (Ысык-Көл), «Аялдарды колдоо борбору» (Бишкек шаарынын жаңы конуштары жана Чүй), «Аял судьялардын ассоциациясы», «Ачык линия» жана «Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы» коомдук фонддору грант алмай болду.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги маалымдагандай, бул каражат баш калкалоо жайларын кеңейтүүгө, жабыркагандарга психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүүгө жана башка иштерге колдонулат. Грант USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору алкагында бөлүндү.

Буга 2020-жылдын март айында башталган пандемияда Кыргызстанда катталган үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйүшү түрткү болгон.

«Коронавирус илдети дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле Кыргызстанда да гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун кыйла көбөйүшүнө алып келди" деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Грант үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча комитеттердин ишин чыңдап, өлкөнүн аймактарында дагы кошумча 13 комитет түзүүгө да жумшалат. Комитеттерди үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана жабыркаган адамдарды колдоо максатында жергиликтүү бийлик органдары түзөт. Азыр Кыргызстанда мындай 88 комитет бар.

Ссылка: https://barometr.kg/usaid-kyrgyzstandagy-j-bllk-zombulukka-kabylgandardy-korgoo-maksatynda-230-mi-dollar-bld



Добавить комментарий