Бишкекте эки жаранды мыкаачылык менен сабагандар чет өлкөдөн изделүүдө

5 сентябрь 2019 13:53 2663 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов Жал кичирайонунда эки кишини мыкаачылык менен сабаган шектүүлөргө, Кыргызстандан тышкары Орусия, Казакстан жана башка чет мамлекеттерде да издөө жарыяланганын билдирди.

Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда, шаардык милицияда жабыр тарткандардын жакындары менен жолугушкан учурда айтты. Ленин райондук соту издөөдө жүргөндөрдү камакка алуу зарыл деген бөгөт чарасын аныктаган.

Бүгүн токмоктолгон адамдардын жакындары Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгып, шектүүлөрдү тезирээк кармап, аларды коё берген милиция кызматкерлерине чара көргүлө деген талаптарын коюшту.

Буга чейин эки эркек кишинин катуу сабалганы тартылган видео социалдык тармактарга тарап, катуу талкуу жаралган. Тасмада таяк жеген адамдар катуу соккудан эсин жоготконуна карабай, аларды белгисиз адамдар башка тепкилеп, жанчып жатканын көрүүгө болот.

Ссылка: https://barometr.kg/tokmoktogon-zharandar-chet-lkdn-izdeld



Добавить комментарий