Токмокто 11 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

28 июль 2020 11:48 2516 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Токмок шаарында 11 жаштагы баланы сүзүп, андан соң из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 23-июлда болжол менен саат 16:30 чамасында катталган.

«Токмок шаарында «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаа 11 жаштагы баланы сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Жол тескөөчүлөр тарабынан шектүү айдоочу 27-июлда кармалды. Ал милицияга жеткирилип, унаа айып короого киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-11-zhashtagy-balany-szp-kachyp-ketken-ajdoochu-karmaldy



Добавить комментарий