Тойлор токтоп ырчылар куруучу боло башташты (Сүрөт)
Тойлор токтоп Эрмек Нурбаев, Урмат Усенов, Замир Арыкбаев, Бакыт Байсариев, Максат Бегалиев жана Сема куруучу болуп иштей баштады. Бул тууралуу алып баруучу Эрмек Нурбаевдин социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Белгилей кетсек, коронавирустан улам киргизилген чектөөлөрдөн кийин шоу-бизнес өкүлдөрүнүн жумушу токтогон.
«Тойлор токтоп, артымдагы жигиттерди топтоп, шабашкага чыга баштадык. Буйрутмалар болсо, айткыла. Биздин команда: Эрмек – прораб, Максат – сварщик, Сема – маляр, Урмат – электрик, Замир – арматурщик, Улан – плотник, Бакыт – крановщик», - деп жазган Нурбаев.
Тамаша чыны аралаш жазылган постту жүктөн Нурбаев 2010-жылы тартылган сүрөттү кошо тиркеген.
Ссылка: https://barometr.kg/tojlor-toktop-yrchylar-kuruuchu-bolo-bashtashty-srt
Добавить комментарий ×