Төөнүн сүтү иммундук системаны бекемдейт
Тѳѳнүн сүтү ар кандай ооруларга даба катары колдонулуп келет. Абдан даамдуу жана аш болумдуу. "Барометр" пайдалуу кеңештерди сунуштайт.
Төөнүн сүтү чыгыш ѳлкѳлѳрүндѳ кеңири колдонулуп келген. Сүт жаныбардын тамактануу сапатынан кѳз каранды. Аталган сүттѳн пайдалуу дарылык касиеттери тууралуу Абу Али ибн Сина “Медицина мыйзамдары” аттуу илимий эмгегинде жазган.
Төөнүн сүтүнүн курамы азык-заттарга бай келет, калориялуу, белок жана углеводдорго бай. Ооруну чакыруучу микроорганизмдер менен активдүү күрөшүп, иммундук системаны бекемдейт. Сүттүн курамында 2 негизги активдүү компонент камтылган: лактоферрин жана иммуноглобулин. Лактоферрин бактерияга, вируска, сезгенүүгө каршы, мыкты антиоксидант. Организмдеги зыяндуу заттар менен күрөшүп, тазалайт. Коргоочу күчтү жакшыртат. Төөнүн сүтүнүн дагы бир касиети – өзүнүн баалуулук сапатын узак убакытка чейин сактап турганында, андыктан сүттү алыстарга жеткирүү, сатууга ыңгайлуу. Өтө майлуу эмес (5%дан ашыкча эмес). Төө сүтүнөн төмөнкү азыктарды даярдоого болот: кымыз, каймак май, сүт коктейли, балмуздак, сыр ж.б. Ошондой эле башка жаныбарлардын сүтүнө аралаштырып, кычкыл сүт азыктарын да жасоого болот: чалап, курут, эжигей, ууз, катык, сүзмө ж.б.
Балдардын өсүп келе жаткан организми үчүн пайдалуу. Булчуңдардын өсүүсүн чыңдайт. Дайыма аз өлчөмдөн бир калыпта ичип жүргөн адамдарда ар кандай ооруларга чалдыгуу тобокелдиги төмөн болот. Тамак-ашка активдүү кошумча болуп, балдардын тамакка болгон табитин жакшыртат. Курамында С витамини көп камтылган (уй сүтүнө караганда 3 эсеге көп). Ден соолук үчүн маанилүү болгон минералдарды камтыйт: калий, цинк, марганец, магний, натрий, темир. Уйдун сүтүнө салыштырмалуу көбүрөөк кургак заттар камтылган. Негизги баалуулугу – белокко бай. Организмге 98% сиңимдүү.
Төөнүн сүтү бир катар оорууларга жардам берет:
- Кальций жетишпеген адамдар үчүн мыкты азык. Тиштерди, сөөктөрдү бекемдеп, остеопороздун алдын алат.
- Эркектерде импотенцияны алдын алып, эркектик күчүн жогорулатат. Өнөкөт гастритте, ичегилер жабыркаганда дарылоо процессинде сезгенүү процесси менен күрөшүп (чел кабыктагы), ашказан согунун кычкылдуулугун нормалдаштырат.
- Каны аздыкка каршы күрөшөт, курамындагы аминокислотанын таасири менен.
- Курамындагы аскорбин кычкылы организмдин коргоочу функциясын бекемдейт.
- Жаш балдарга Д витаминин берип, итийди алдын алат.
- Курамындагы В тобундагы витаминдер нерв системасын бекемдеп, стрессти, уйкусуздукту, чарчоону алдын алат.
- Суусунду мыкты кандырат, айрыкча ысык чөлдө.
- Жүрөк-кан тамыр системасынын ишин жакшыртат.
- Калориясы анча жогору болбогондуктан, аз-аздан арыктоо учурунда да ичип турса болот.
- Илимий жактан далилденгендей, төөнүн сүтү рак жана лейкемияны дарылоого колдонулуп, эффективдүү жардам берет. Сүттүн курамындагы антитела организмдеги рак клеткалары менен эффективдүү күрөшөт. Дарылоо курсу 3 этапта өтөт.
- Кургак учукту, жара, ашказан-ичеги трактынын ооруларын дарылоо учурунда колдонуу натыйжалуу.
- Уйку без, боор, ичегиде көйгөй жаралганда жардам берет.
- Кант диабетинде колдонуу менен канда канттын деңгээлин бир калыпта кармап турууга жардам берет. Бул учурда дарыгерлер 1 күндө 500 млден ашырбай ичүүнү сунушташат.
- Боор циррозунда да элдик ыкмада төөнүн сүтүн колдонуп келишет. Бул үчүн дарыгердин кеңеши керек.
- Боорду тазалап, адамдын маанайын көтөрөт.
Ар бир организмдин индивидуалдуу түрдө сиңире алуусу менен байланыштуу. Ошондой эле аллергияда колдонууга чектөө керек. Курамында лактоза бар, ал организмге кирсе, галактоза жана глюкозага бөлүнөт. Галактозанын сиңимдүүлүгү төмөн. Эгерде организм казеинди кабыл албаса, бул азыкты көпкө колдонууда организмден кальций жуулуп кетиши мүмкүн.
Эненин сүтүнө окшош
Курамында май аз болгондуктан, ашказанда оордукту сездирбейт. Күч, энергия берет. Окумуштуулар белгилегендей, курамы боюнча эненин сүтүнө окшош келет. Андыктан, төө сүтүнүн жардамы менен чыгыш өлкөлөрүндө ымыркайларды азыктандырууга колдонушат. Тоңдуруп сактоого да болот. Орто эсеп менен төө 1 күндө 6 литр сүт берет. Ал эми чыныгы сүт берүүчү породалары күнүнө 20 литрге чейин сүт берет. Төө кырс жаныбар. Сүттүн көп бөлүгү төөнүн баласына берилет. Андан калганын гана саап алууга болот.
Азыркы тапта чет өлкөлөрдө супермаркеттерде төөнүн кургатылган сүтүн да сатууга өтүшкөн. Бирок, ал суюк таза сүткө караганда курамындагы пайдалуу сапаттар толук сактала бербейт. Чыгыш өлкөлөрүндө аталган жаныбардын сүтүн жаш балдарга, кары-картаңдарга берип турушат.
Учурда төөнүн сүтүнөн даярдалган биологиялык активдүү кошулмалар сатылат. Айрыкча жаш балдардын организми үчүн пайдалуу. Курамында майлар, углеводдор, белок, туз, А, В1, В2, С, Д, Е витаминдери жана кальций бар.
Ссылка: https://barometr.kg/tnn-st-immunduk-sistemany-bekemdejt
Добавить комментарий ×