“Түндүкэлектр” ишканасы Бишкек шаарындагы 5 200 абоненттин электр жарыгын өчүрөт

30 январь 2019 10:12 2001 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бейшемби күнү, 31-январда “Түндүкэлектр” ишканасы электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасы Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 5 200 турмуш-тириичлик абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрөт. Буга керектөөчүлөр төлөмдөрдү өз убагында жүргүзбөгөндүгү себеп болууда. Шаар тургундарынын карыздарынын жалпы суммасы 17 миллион сомду түзөт. 

 “Акылдуу” эсептегичтерге кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынын маалымат борборуна билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.

Ошондуктан Акционердик коом карапайым калк ыңгайсыздыктарга кабылып калбашы үчүн абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат. 

Ссылка: https://barometr.kg/tndkelektr-ishkanasy-bishkek-shaaryndagy-5-200-abonenttin-elektr-energiyasyn-chrt



Добавить комментарий