Түндүк-Чыгыш бажы кызматынын имараты өрттөнүп кетти
Түндүк-Чыгыш бажы кызматынын имараты өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын иаалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Такталган маалымат боюнча, өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.
“Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун төмөнкү Ала-Арча айылында жайгашкан райондук Түндүк-Чыгыш бажы кызматынын имаратынын от жагуучу бөлмөсүндө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 01:10дө жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
Тилсиз жоо саат 02:27до чектөөгө алынып, саат 04:00дө толук өчүрүлдү.
Кырсыктын кесепетинен имараттын жыгач устундуу чатырдын 450 чарчы метр аянты, ток берүүчү генератор күйгөн”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/tndk-chygysh-bazhy-kyzmatynyn-imaraty-rttnp-ketti
Добавить комментарий ×