Түндүк-Чыгыш бажы кызматынын имараты өрттөнүп кетти

23 января 2023 12:56 776 Barometr
Поделиться в:
ok

Түндүк-Чыгыш бажы кызматынын имараты өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын иаалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Такталган маалымат боюнча, өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.

“Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун  төмөнкү Ала-Арча айылында жайгашкан  райондук Түндүк-Чыгыш бажы кызматынын имаратынын от жагуучу бөлмөсүндө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 01:10дө жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

Тилсиз жоо саат 02:27до чектөөгө алынып, саат 04:00дө толук өчүрүлдү.

Кырсыктын кесепетинен имараттын жыгач устундуу чатырдын 450 чарчы метр аянты, ток берүүчү генератор күйгөн”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/tndk-chygysh-bazhy-kyzmatynyn-imaraty-rttnp-ketti



Добавить комментарий