Түндө чек арадагы үйлөр өрттөлүп, ок атуу токтогон эмес (видео)
Бөлүшүү:
Түндө Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында ок атышуу уланып жатты. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, түнү менен ок атышуу токтогон эмес. Баткендин Лейлек районундагы бир нече айылдагы үйлөр өрттөлгөн. Айрыкча атышуулар Лейлектин Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка, Достук, Жаштык айылдарында болгон.
Эске сала кетсек, кече, 29-апрель күнү эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, саат 20:00го карта ок атышууну токтотуу чечимине келишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/tnd-chek-aradagy-jlr-rttlp-ok-atuu-toktogon-emes
Добавить комментарий ×