Түн жарымында кошуна аялдан туз сурап келген кишиге айып пул салынды

21 октябрь 2021 14:40 3141 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Павлодар шаарында эркек киши түн жарымында кошунасыныкына келип, анын айынан айып пул төлөдү. Бул тууралуу Павлодар областынын полиция департаментинин басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Күтүлбөгөн конок тууралуу жергиликтүү тургун полицияга кайрылган.

“Аял кимдир-бирөө анын эшигин каккылаганда коркконунан полицияга кабарлаган. Участкалык милициялар эркек киши бир чымчым туз сурап түнкү саат 23.21да кошуналарын ойготкону аныкталды”,-деп кабарлашты басма сөз кызматынан.

Түнкү конок Административдик кодекстин 437-беренеси боюнча административдик жоопкерчиликке тартылды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/tn-zharymynda-koshuna-ayalga-tuz-surap-kelgen-kishige-ajyp-pul-salyndy



Добавить комментарий