Төлөгөн Рахманберди уулунун айылдаштары Матраимовдордун тиешеси жок экенин айтып кайтадан билдирүү таратышты

20 февраль 2020 19:26 1658 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Төлөгөн Рахманберди уулунун айылдаш жердештери видео кайрылуу жасап, алардын кайрылуусуна көңүл буруп, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жөнөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Буга чейин Төлөгөн Рахманберди уулунун жердештери анын ишин жеке көзөмөлүнө алып териштирип берүүсүн суранган болчу. Февралдын ортосунда Рахманберди уулу өзү да "президентке кайрылып, Оштогу Спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаев менен Нурбек Раимбеков баштаган топтон кордук көрүп жатканын айткан. Андан сырткары Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык деген маанайда билдирүү тараткан.

“Төлөгөн өзүнүн кылган иштерин моюнга алып, элди тынчтандырууга чакырды. Президентке кайрылганына рахмат, министр өзү келип болгон ишти барына түшүндүрүп кетиптир. Эл ыраазы болдук”, — деди чогулгандар.

Айыл аксакалдарынын ичинен айрымдары элдин атынан кечирим сурады.


“Урматтуу президент биздин кайрылуубузга кайта жооп кылып, министрдин өзүн жибергениңизге рахмат. Элдин атынан кечирим сурайбыз, Матраимовдордун тиешеси жок экен. түшүнбөстүктөн улам айтылып кеткен сөз экен. Ошону түшүнбөй сүйлөп койгон экенбиз”, — деди чогулгандар.

Төлөгөн Рахманберди уулу менен жердештеринин кайрылуусунан кийин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жергиликтүү эл менен барып жолуккан.

Ссылка: https://barometr.kg/tlgn-rahmanberdi-uulunun-ajyldashtary-kajtadan-bildir-taratyp-kechirim-surashty



Добавить комментарий