Түлөбаев: Жалдырасак да, сурансак да болбодуңар. Эми тойканаларды жабабыз

5 ноябрь 2020 09:21 5411 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте эпидемиялогиялык кырдаалдын курчуп бара жаткандыгына байланыштуу тойканалар жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өзүнү соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, шаар бийлиги жакын арада тойканаларды жабуу чечимин кабыл алат.

“Коронавирус кооптуу абалга келе атат. Жалдырасак да, сурансак да болбой атасыңар. 

Бүт шаарды коркунучка алып келдиңер. Шаарды кайра карантинге жаба албайбыз. Эл кыйналат. Такыр укпаган эме экенсиңер.

Тойкана ээлери бул сөз силерге. Элдин ден-соолугу менен ойноп атасыңар. 15 күнгө жабабыз. Жакында чечим чыгаралы деп ойлоп атабыз. Болдугула да эми.  Сураныч. Өтүнүч. Эл бизге талап койуп жатат”, - деп жазган Түлөбаев.

Ссылка: https://barometr.kg/tlbaev-zhaldyrasak-da-suransak-da-bolboduar-emi-tojkanalardy-zhababyz



Добавить комментарий