“Тик учак менен көмүрдүн күлүн төгүш керек”. Депутат Токтогул суу сактагычын толтуруунун жолун айтты

23 июнь 2021 17:58 4874 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Тик учак менен көмүрдүн күлүн төгүш керек”. Депутат Токтогул суу сактагычын толтуруунун жолу айтты.    

Дыйкандарды сугат суусу менен камсыздандырыш үчүн тоодогу карды жасалма жол менен эритүү кажет. Мындай сунушун Жогорку Кеңештин депутаты Эрмамат Тагаев жыйында айтып чыкты. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.

Депутат Токтогул суу сактагычындагы суунун запасын кантип толтуруу керектигин сунуш кылды.

“Аба ырайы суук болгондон улам 3,5 миң метр бийиктиктеги тоодогу кар  эмдигиче эрий элек. Ошондуктан сугат суусу жок. Тик учак менен учуп жана көмүрдүн күлүн төгүү керек. Мындай болсо элге дагы, өкмөткө дагы жакшы болот. Биз сууларыбызды жана Токтогул ГЭСин толтурабыз. Алдын ала эсептөөлөр боюнча суу аз жылдары Ички дүң өндүрүмдүн өсүшүнүн жоготуусу 10 миллиард сомду түзөт, ал эми мен сунуштап жаткан ыкма аркылуу болгону 100 миллион сом коротуу менен көп акчаны үнөмдөп калган болобуз. Анан калса бир жылда кийин бул кар ээрий баштаса Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү нормадан ашып кетиши мүмкүн”, - деп кеңеш айтты Эрмамат Тагаев.

 

Ссылка: https://barometr.kg/tik-uchak-menen-kmrdn-kln-tgsh-kerek-deputat-toktogul-suu-saktagychyn-tolturuunun-zholu-ajtty



Добавить комментарий