Териңиз кургап, түлөп тынчыңызды алып жатабы?

19 февраль 2019 00:09 1651 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыш мезгилинде тери кургап, түлөп кетери баарыбызга белгилүү. Анын баары витаминдердин жетишсиздиги, теридеги суунун азайып кетүүсүнөн жана экологиялык абалга байланыштуу. Ошондуктан, терини туура күтө билүү керек. Ал үчүн сууну күндө калтырбай ичип, витаминге бай жер-жемиштерди көп жеп, туура косметикалык каражаттарды тандай билүү кажет. Бүгүн биз өтө кургак териге арналган маска тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Ал үчүн керектелүүчү азыктар:

1 аш кашык быштак,

2 аш кашык сабиз шиерси,

1 аш кашык коюу сүт (10 пайыз).

Алгач сабизди сыртын жууп тазалап, сабиз ширесин даярдап алабыз. Андан соң 2 аш кашык сабиз ширесине, 1 аш кашык быштак жана 1 аш кашык коюу сүттү кошуп аралаштырып алабыз. Маска даяр.

Бул масканы жумасына бир жолу уктаардын алдына 15 мүнөт жасап туруу жетиштүү болот. Андан кийин жылуу суу менен жууп салыш керек. Бул маска беттиңизди кургактыктан арылтып, жумшартат.

Ссылка: https://barometr.kg/teriiz-kurgap-tulp-tynchyyzdy-alyp-zhataby



Добавить комментарий