Телефондук сүйлөшүүлөрдүн жана интернеттин баасы кымбаттады

15 апрель 2019 11:33 2048 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Тажикстанда монополияга каршы кызматтын мобилдик интернет менен NGN аркылуу телефондук сүйлөшүүлөрдүн тарифин көтөрүү жөнүндө буйругу күчүнө кирди. Бул чечим 27-марттан баштап күчүнө кириши керек болчу. Бирок монополия каршы кызмат менен мобилдик операторлордун сүйлөшүүлөрүнөн улам мөөнөт бир аз узарган.

Тажик өкмөтү мобилдик операторлорго кайрылып, 4-апрелден баштап буйрукту аткарууну тапшырган. Буга чейин тажик операторлорунун 1 гигабайт интернети болжол менен 30-35 сомони (3-3,6 доллар) турса, эми 51 сомониге (5,3 доллар), кошумча нарк салыгын эсептегенде 63 сомониге (6,7 доллар) чейин кымбаттады. Мындан тышкары NGN аркылуу сүйлөшүүлөрдүн баасы 10 эсеге — 10-12 дирамдан (0,01 доллар) 1,2 сомониге (0,12 доллар) чейин жогорулады.

Мобилдик компаниялар кур дегенде Интернет тарифтерин төмөндөтүүгө аракет жасашкан. Бирок өкмөттүн чечимин өзөртүүгө мүмкүн болгон эмес.

Тажикстанда калктын 15 пайыздан 40 пайызга чейинки бөлүгү интернет колдонот. Тажик байланыш кызматы бүгүнкү күндө өлкөдө үч миллионго жакын интернет колдонуучу бар экенин билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/telefonduk-sjlshlrdn-zhana-internetbin-baasy-kymbattady



Добавить комментарий