Теле алып баруучу Мирзат Муканов кызына Мелек деген ат койду. Сүрөт

7 февраль 2020 13:51 1815 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү телеалып баруучу Мирзат Муканов жаңы төрөлгөн кызына Мелек деген ат койду. Бул тууралуу телеалып баруучу Facebook баракчасына жазды.

"Азан чакырып, кызбызга ат койдум. Сезим эжесинин сунушу менен, өзүбүзгө да жаккан Мелек (Melek) деген ысым ыйгардык. Муканова Мелек Мирзатовна", - деп жазды ал.

Эске салсак, Мирзат Мукановдун келинчеги Айзуура Иманалиева 3-февралда кыз төрөгөн болчу.

Мирзат Муканов белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиев менен маркум ырчы Гүлбүбү Орозкул кызынын күйөө баласы.


Ссылка: https://barometr.kg/telealyp-baruuchu-mirzat-mukanov-kyzyna-melek-degen-kojdu-srt



Добавить комментарий