Теле алып баруучу Салтанат Саматова атындагы сыйлык негизделди

8 февраль 2021 16:10 3084 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Помогать легко” коомдук фонду Салтанат Саматова атындагы сыйлыктын негизделгенин жарыялайт. Бул тууралуу журналист Көкүл Арипованын соцтармактагы баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

 Сыйлык Салтанат Саматованын эмгеги, чыгармачылыгы, кайрымдуулукту өнүктүрүүгө кошкон салымы менен кыргыз элинин жүрөгүндө из калтырган эмгегин эскерүү максатында берилет.

“Анын оор илдетке каршы күрөшү көптөгөн онкологиялык оорулуулар үчүн түрткү болуп, өз өмүрү үчүн күрөшүү жана оор илдети жөнүндө ачык айтуудан коркпоого үндөй алды.

Сыйлык биринчи жолу ушул жылдын апрель айында тапшырылат - бул рак илдетине каршы күрөшүүгө, ошондой эле кайрымдуулук маданиятын өнүктүрүүгө зор салым кошкон жарандардын жана уюмдардын эмгегин баалоого мүмкүндүк берет. Бул сыйлык кесипкөй инсандарга, мыкты долбоорлордо талыкпай эмгегин арнагандарга берилет. Алардын эмгектери рак илдетине чалдыккандарга сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана учурда дарыланып жаткандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталышы керек.

Сыйлык төмөнкү негиздерге ылайык берилет:

- талапкерлерди тандоого универсалдуу мамиле кылуу;

- Кыргызстандын катардагы жарандарынын артыкчылыгы;

- эксперттик кароо;

- маалыматтын тунуктугу;

- коомдук пикирди эске алуу менен.

Сыйлыктын уюштуруучусу “Помогать легко" коомдук фонду. Аталган фондто Салтанат Саматова узак жылдар бою Байкоочу кеңештин мүчөсү болгон.

Эксперттик кеңештин мүчөлөрүнүн тизмеси уюштуруучулар тарабынан бекитилет. Анын курамы ыйгарым укуктуу адистерден турат.

Сыйлыктын лауреаттары 3 номинация боюнча тандалат:

 "Мен жакшылыкты жаратам" - бул Кыргызстандагы кайрымдуулук жана кайрымдуулук иштерин өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн номинация.

 "Кесип" - сыйлык рак оорусуна каршы күрөштө профессионалдык тармакка өзгөчө салым кошкондугу үчүн берилет

 "Карама-каршы" - сыйлык онкологиялык диагнозу бар адамдарга эрдик көрсөткөндүгү жана ракка каршы күрөштө социалдык мааниси бар иш-аракеттери үчүн берилет", - деп жазылат билдирүүдө.

Катышууну үчүн каалаган жаран документ тапшыра алат. Ал үчүн  «Помогать легко» коомдук фондуна чалып маалымат алсаңыздар болот.

Байланыш үчүн телефон номур: 0556400400

Эске сала кетсек, белгилүү алып баруучу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Салтанат Саматова 46 жашында 2018-жылы 15-августта дүйнөдөн кайткан. Ал акыркы жылдары өсмө (рак) илдетинен жабыркап, дарыланып жүргөн.

Ссылка: https://barometr.kg/tele-alyp-baruuchu-saltanat-samatova-atyndagy-syjlyk-negizdeldi



Добавить комментарий