Дарыгер консервалар рактын пайда болушуна алып келерин эскертти

23 октябрь 2023 09:51 849 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Металл банкадагы консерваларды үзгүлтүксүз колдонуу кан басымды жогорулатып, рак оорусуна чалдыгуу коркунучун жогорулатат. Бул тууралуу жалпы практикалык дарыгер, диетолог, медицина илимдеринин доктору Маргарита Королева "Москва 24" телеканалына билдирген маалыматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

"Азык металл идишке салынганда банканын өзүнөн уулуу элементтер бөлүнүп азыкка кирип кетиши мүмкүн. Бул ар кандай проонкологиялык процесстерди колдоого ала турган фактор", - деп эскертти адис.

Ал белгилегендей, организмде мурдатан көйгөйлөр болгон учурда металл банкадагы консерваларды үзгүлтүксүз колдонуу рак оорусунун пайда болуу коркунучун жогорулатат.

Мындан тышкары, консервалардын курамында туз көп болушу мүмкүн.

 "Ашыкча туз гипертония жана кан басымдын жогорулашы менен ооруган адамдар үчүн кереги жок, анткени, натрий андан ары тонометрдеги көрсөткүчтөрдү жогорулатат", - деп жыйынтыктады дарыгер. 
 

Ссылка: https://barometr.kg/daryger-konservalar-raktyn-pajda-bolushuna-alyp-kelerin-eskertti



Добавить комментарий