Текебаевдин саламаттыгы боюнча коюлган диагнозу жарыяланды

8 август 2018 06:15 2580 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 7-августта Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы учурда ооруканада даарыланып жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгы боюнча коюлган диагнозду жарыялады. 

Анда саясатчы күрөө тамырдын, жүрөк тамырларынын атеросклерозу, карынча үстүндөгү экстрасистоликалык аритмия, 2-даражадагы кооптуулугу жогору гипертония, түйүндүк богок, эутериоз менен жабыркай турганы айтылат. Учурда ал №47 абактан Бишкектеги улуттук кардиология жана терапия борборуна которулуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. 31-июлда ооруканага которулган Текебаевдин качан чыгары азырынча белгисиз.

Эрежеге ылайык, Текебаев туугандары менен жолугушууга уруксат берилген жок. Ал кайтарууда дарыланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/tekebaevdin-salamattygy-boyuncha-koyulgan-diagnozu-zharyyalandy



Добавить комментарий