Текебаев: “Биримдик” партиясы башында аялдардын партиясы болчу
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттык” радиосунун “Эки бир” телеберүүсүндө азыркы бийликтин партиясы болот айтылып жаткан “Биримдик” партиясынын тарыхы тууралуу кызыктуу нерселерди айтып берди. Текебаевдин айтымында, бул партиянын баштапкы аталышы таптакыр башка болгон.
“Саясий кубулаштарга көз салып турган адамдарданмын. Бул партия 2005-жылы оштук 10 аялдын демилгеси менен “Кыргызстан демократриялык аялдар партиясы” деп түзүлгөн. Бул аялдар партиясы. Экинчи жылы аялдар деген сөз актуалдуулугун жоготтубу, айтор ал сөз алынып коюлуп, “Биримдик демократиялык партиясы” деп кайра түзүлгөн. Лидерлери менен программалары тынымсыз өзгөрүп турган. Бүгүн ЖМКларда жарыяланган маалыматтар боюнча төрагасы ким экенин билем.Курамында кимдер бар экени мага белгисиз. Мен анын тарыхын документтер аркылуу гана билем. Анын эртеңкисин айта албайм”, — деди ал.
Эске салсак, коомчулукта азыркы бийликте отургандар “Биримдик” партиясына чогулуп, парламенттик шайлоого барат экен деген кептер айтылып келет.
Ссылка: https://barometr.kg/tekebaev-birimdik-partiyasy-bashynda-ayaldardyn-partiyasy-bolchu
Добавить комментарий ×