Техастын мектебинде 18 жаштагы окуучу ок чыгарды, жаракат алгандар бар

7 октябрь 2021 13:11 1025 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Американын Техас штатындагы Timberview мектебинин аймагында атышуу болду. Бул тууралуу CNN булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Арлингтон округунун полициясы берген маалыматка караганда, ок атуунун себеби окуучулар арасындагы мушташ болгон.

Мектептин экинчи кабатында окуучулар чатакташа кетип, алардын бири-18 жаштагы Тимоти Джордж Симпкинс ок чыгарган. Анын кесепетинен төрт адам жабыркап, үч киши ооруканага жаткырылды.

Полиция Тимоти Джордж Симпкинсти кармады, кампустун окуучулары эвакуацияланды.

Буга чейин Россияда 18 жаштагы студент Тимур Бекмансуров окуу жайдын аймагында куралдуу кол салуу уюштурган болчу. Алты адам каза таап, 28 киши жарадар болсо, анын 19у октон жаракат алган.

Ссылка: https://barometr.kg/tehastyn-mektebinde-18-zhashtagy-okuuchu-ok-chygardy-zharakat-algandar-bar



Добавить комментарий