ТЭЦти модернизациялоо боюнча өтүп жаткан сотто жактоочулар Артыкбаевдин подрядчыларды тандоого катышпагандыгын далилдешти
29-майда Свердлов райондук соту Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ишти кароону улантты. Соттук отурумда жабырлануучу тараптын өкүлү болгон Финансы министрлигинин кызматкери Азамат Исаков мурдагы энергетика министри, парламент депутаты Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусунун суроолоруна жооп берип, кредиттик келишимдин долбоору өкмөт тарабынан кабыл алынганын тастыктады.
Жактоочунун суроолоруна Исаков жооп берип жатып, кредиттик келишимдин долбоору боюнча министрликтердин эскертүүлөрү Энергетика министрлигинде эмес, өкмөттүн аппаратында эске алынууга зарыл болгондугун белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин Азамат Исаков регламентке ылайык, башка министрликтердин эскертүүлөрүн бир гана өкмөт эске алууга укуктуу экендигине карабастан, Энергетика министрлиги дагы эскертүүлөрдү эске алышы керектигин билдирген.
Бул күнкү сотто жактоочу анын мурдагы билдирүүсү эмнеге негизделгендигин сураганда, Исаков негиздүү жооп бере алган жок. Андан тышкары, ал жооп берүүдөн качуу менен тергөө жооп бериши керектигин айтты.
Жактоочунун аргументтүү суроолорунан кийин гана Азамат Исаков мурда адашып жооп бергендигин моюнга алып, ал билдирүүсүн жокко чыгаруу менен жогорудагыдай такталган жообун берди.
Эскерте кетсек, өкмөттүн регламентине ылайык, долбоор боюнча эскертүүлөрдү өкмөттүн аппаратынын тармактык бөлүмдөрү карап, иштеп чыгат. Андан кийин өкмөттүн аппарат жетекчиси, ошондой эле көзөмөлдөөчү вице-премьер-министр башка министрликтердин эскертүүлөрүн эске алуу же эске албоо тууралуу чечимин чыгарат.
Исаков жактоочунун суроолоруна жооп берүү менен өкмөттүн аппараты эскертүүнү эске албагандыгын, жана тиешелүү документ өкмөт тарабынан кабыл алынгандыгын белгиледи. Ошондой эле ал аппараттын ишине кийлигишүүгө Энергетика министрлигинин укугу жок жана болушу да мүмкүн эместигин бекемдеди.
Андан соң Артыкбаевдин жактоочусу Финансы министрлигинин кызматкерине эмне үчүн ал подрядчиктерди Энергетика министрлиги тандаган деп мурда айткандыгын сураганда, Азамат Исаков ал билдирүүнү колдобой тургандыгын айтты.
Чынында, Азамат Исаков жалпы фразалар менен жоопкерчиликтен буйтап кетүүгө аракет кылды, бирок жыйынтыгында таптакыр адашып калып, Энергетика министрлиги менен «Электр станцияларынын» айырмасын дагы ажырата албай калды.
Акционердик коом жөнүндө мыйзамга ылайык, "Электр станциялары" подрядчиктерди өз алдынча тандай алат жана келишим түзө алат жана бул компаниянын акцияларына маммүлк ээлик кылган.
Жактоочу Финансы министрлигинин кызматкеринен мурдагы билдирүүсүн негиздеп берүү тууралуу бир нече ирет сураганда, ал акыры Энергетика министрлиги подрядчикти тандабагандыгын айтты.
Жактоочу журналисттерге жооп берип жатып, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо үчүн подрядчиктерди тандоого, ошондой эле «Электр станциялары» менен кытайлык компания ТВЕА ортосундагы модернизация тууралуу түзүлгөн келишимге Осмонбек Артыкбаевдин катыштыгы жок экени далилденгендигин билдирди.
Добавить комментарий ×