ТЭЦ иши. Финансы министрлиги: Эксимбанкка кредит алуу боюнча арыз мамлекет башчынын тапшырмасы менен берилген

29 май 2019 18:20 1688 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 29-майда, Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу кылмыш ишин кароо боюнча Свердлов райондук сотунун отурумунда жактоочулардын суроолоруна жооп берген Финансы министрлигинин кызматкери министрлик президенттин тапшырмасын аткаруу максатында 2013-жылдын 14-июнунда Эксимбанкка арыз жолдогонун айтты.

Азамат Исаков 2013-жылдын 14-июнундагы Финансы министрлигинин президентке жазган катын окуду.

"Финансы министрлигинин президентке жазган катында Финмин президенттин тапшырмасын аткарып Эксимбанкка кат жибергендиги айтылат. Өткөн жолу мен адашып, Энергетика министринин орун басары Мамыров тарабынан Эксимбанкка арыз жолдоо тууралуу Финминге кат жиберилген деп айтып алгам. Бул андай эмес. Финмин президенттин тапшырмасын аткаруу максатында арыз жазууну демилгелеген ", - деди Исаков.

Жабырлануучу тараптын тактоосунда: Энергетика министрлиги демилгечи катары боло албайт, анткени жогорку инстанциядагылардын тапшырмасын аткаруу максатында жазылган Энегетика министрлигинин каты  Финансы министрлигине 19-июнда келип түшкөн. Буга чейин бир жума мурда Финансы министрлиги Эксимбанкка арыз берген жана бул тууралуу президентке кат жиберген.

Ссылка: https://barometr.kg/tec-ishi-finansy-ministrligi-eksimbankka-kredit-aluu-boyuncha-aryz-mamleket-bashchynyn-tapshyrmasy-menen-berilgen



Добавить комментарий