ТЭЦ боюнча сот. Энергетика министрлигинин ведомстволор аралык комиссиясы TBEA менен келишимге таасир берген эмес

10 июль 2019 16:42 1608 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Свердлов райондук сотунда ТЭЦти модернизациялоо жөнүндө кылмыш ишин кароонун жүрүшүндө күбөлөрдү суракка алуу улантылды.

“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун тышкы байланыш бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Маматмуса Укубаев    2013-жылы 28-майда өткөн Бишкек ТЭЦине байланыштуу ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны болгону сунуштоочу мүнөздө экенин айтты.   

Адвокат Нурлан Садыков Укубаевден эгерде комиссиянын чечими болгону сунуштоочу мүнөздө болсо,  аны “Электр станциялары” менен ТВЕАнын ортосунда болгон контрактык келишимге эмнеге кошушканын сурады.    

Укубаев ведомстволор аралык комиссиянын чечими милдеттүү эмес катары болгонун айтты.   

“Биз чечим бизге тоскоол болбогону үчүн аны келишимде көрсөткөнбүз”,-деди Маматмуса Укубаев.

ТВЕАдан баа сунушу берилген 69 барактан турган соңку тастыкталган документ “Электр станцияларынын” бөлүмүнө 29-апрелде келип түшкөн

Артыкбаевдин жактоочу ал ишин коргоп жаткан адам 22-майда гана Энергетика министри болгонун эскертип өттү.

 “ТВЕА менен “Электр станцияларынын” ортосундагы меморандумга январь айында кол коюлган, март айында ТВЕАдан баасы көрсөтүлбөгөн сунуш түшкөн. 29-апрелде баасы көрсөтүлгөн сунушту алып келишкен”,-деп тастыктады Маматмуса Укубаев.

Ал Артыкбаев кат жүзүндө да, оозеки дагы эч кимге көрсөтмө бербегенин мойнуна алды, анткени ал министр болгон эмес.

“Артыкбаев министр болгондон кийин дагы оозеки түрдө да, кат түрүндө көрсөтмө берген эмес”,-деп билдирди күбө.

Эскерте кетсек, өткөн жыйындарда Артыкбаевдин жактоочусунун суроосунан кийин соттогу башка күбөлөр дагы ТВЕАны иш аткаруучу катары тартып келүү чечими Артыкбаев Энергетика министри болуп дайындалганга чейин эле кабыл алынганын тастыкташкан.

Мындай жол менен адвокат экс-министр Артыкбаев ТЭЦтин ТВЕА боюнча келишим түзүүсүнө таасир берген эместигин далилдегенге аракет кылды.

“Айыптоо шилтеме кылып жаткан Энергетика министрлигинин ошол жыйыны милдетүү эмес, сунуштоочу мүнөздө болгон. Буга байланыштуу Артыкбаевдин ишке катыштыгы жок деп айтууга болот”,-деп эсептейт жактоочу.

Ал ошондой эле “Электр станциялары” акционердик коомдор жөнүндө мыйзамга ылайык , директорлор кеңешинин макулдугу, ошондой эле акционерлердин жыйынынын негизинде өз алдынча келишим түзө аларын эскертти.

Демек, ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны эч нерсеге таасир берген эмес деп эсептейт жактоочу.

Укубаевдин айтымында, 2013-жылы июнда “Электр станцияларынын” жетекчилери ачык акционердик коомдун имаратында ТВЕА компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында долбоордун баасын 396 млн доллардан 392 млн долларга чейин, тактап айканда 1 пайызга чейин арзандатуу тууралуу макулдашууга жетишкен.

“Мен жеке өзүм катышкам, ошондой эле ал жерде “Электр станцияларынын” жетекчилери дагы болгон”,-деп айтты ал.

Андан кийин Укубаев 8-июлда ведомстволор аралык комиссиянын чечими кабыл алганга чейин Бишкек ТЭЦин модернизациялоого дагы бир талапкер болгон-СМЕСке иш аткаруучу катары кызматташуудан баш тартышканы тууралуу расмий кат жазганын ырастады.

“Катта баш тартуу жазылган. Чечим ТВЕАнын пайдасына чечилгени катта көрсөтүлгөн”,-деп тастыктады Укубаев.

Артыкбаевдин жактоочусу журналисттерге бул фактылар “Электр станциялары” 11-июлдагы ведомстволор аралык комиссиянын чечимин күтпөй эле, өз алдынча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, иш аткаруучуну тандап, долбоордун баасын аныктоо маселесин чечишкенин тастыктап турганын түшүндүрүп өттү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/tec-boyuncha-sot-energetika-ministrliginin-vedomstvolor-aralyk-komissiyasy-tbea-menen-kelishimge-taasir-bergen-emes



Добавить комментарий