Тажикстандын милиция кызматкери 33 кг баңгизат менен Кыргызстандан кармалды

15 июнь 2022 11:46 1608 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткен облусунда 33 килограммдан ашык баңгизат менен Тажикстандын милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Тажикстандан Кыргызстанга, андан соң Казакстанга афган тектүү баңгизаттардын ири партиясын ташып сатуу менен алектенген улуттар аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.

"Кармалгандардын бирөөсү Кыргызстандын аймагы аркылуу баңгизат ташуу жана аткезчилик менен алектенген Тажикстандын ИИМнин кызматкери  болот.

Бул кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгү так аныкталган бир нече түзүмдүк бөлүмдөрдөн турган. Кылмышкерлер жашыруундуулук  чараларын так сакташып, атайын тескемеден өтүп турушкан.  Бул кылмыштуу топтун уюштуруучусу Тажикстандын жараны 1960-жылы туулган О.А. жана шериги Тажикстандын жараны 1982-жылы туулган И.М., Тажикстандын Ички иштер министрлигинин  кызматкери милициянын улук сержанты кармалды.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн табылып алынган афган тектүү баңгизаттар:  11 кг 299 грамм «апийим», 21 кг 942 грамм «гашиш». Баңгизаттардын жалпы салмагы   33 кг 241 граммды түзөт.

Азыркы учурда  баңгизат менен алектенген бул кылмыштуу топтун башка катышуучуларын жана аларга тиешеси барларды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилген. Иликтөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.

Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstandyn-miliciya-kyzmatkeri-33-kg-bagizat-menen-kyrgyzstandan-karmaldy



Добавить комментарий