Тажикстандан дарыларды алып келип, Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга ташып жүргөн жарандар кармалды

28 ноябрь 2022 17:42 1114 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткенде ири суммадагы дары-дармектерди чек арадан мыйзамсыз алып өткөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Белгилүү болгондой, Баткен районунун аймагынын  тургуну 23 жаштагы  С. Н. М. жана  Араван районунун Төө-Моюн айылынын  тургуну 51 жаштагы   М.Г. Т.  улуттар аралык кылмыштуу топ түзүп алган жарандар кармалды.

“Алар Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан  аймактары аркылуу аткезчилик жолу менен 15040 (он беш мин кырк) даана, жалпы суммасы 6016000 (алты миллион он алты миң) сомдук “Левонекст” левофлоксацин аталышындагы медициналык дарыларды Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттик чек аралары эки тараптуу жабык экендигине карабастан, андан жекече пайда көрүү максатын көздөп,  Баткен районунун Чоң-Талаа айылынан Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына жеткизип, андан ары Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагынан Өзбекстандын аймагына өткөрүп жүргөн жеринен кармалган.

Андыктан, бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 231-бер. 3-бөл. 5-п. (контрабанда) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат”, -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstandan-iri-summadagy-darylardy-kyrgyzstan-arkyluu-zbekstanga-tashyp-zhrgn-zharandar-karmaldy



Добавить комментарий