Тажикстанда тууганын “сабиз менен зордуктаган” аял 11,5 жылга эркинен ажыратылды
Тажикстандын Сино шаарынын 25 жаштагы тургуну 4 жаштагы тууганынын “кыздыгынан” ажыраткан деген айып менен 11,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу “Садои мардум“ гезити жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Соттун маалыматы боюнча, аял мурунку келинин (кыздын энесин) жаманатты кылуу максатында ушундай иш-аракетке барган.
Соттолгон аялдын жана анын жактоочусунун пикири азырынча алына элек, бирок буга чейин Хайдарова ага коюлган айыптарды "жалаа" жана "мурунку келини өч алуу максатында жасап жатат" деп атаган.
Башкы прокуратура соттун өкүмү 8-январда чыкканын билдирди. Маалым болгондой, сот Одина Абдулходиевна Хайдарованы Кылмыш-жаза кодексинин 110-беренесинин 2-бөлүмү (ден-соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен күнөөлүү деп таап, 11,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал мөөнөтүн жалпы режимдеги колонияда өтөйт.
Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө ал наристенин апасынан өч алып, жаманатты кылуу үчүн кичинекей кыздын “кыздыгын” алгандыгы айтылат.
"Ушул максатта, 2020-жылдын 1-августунда эртең менен, башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн жоктугунан пайдаланып, уктап жаткан М.га кирип, кыздын жыныстык мүчөсүнө сабиз түртүп киргизип, денесине оор залал келтирген", - деп билдирди Башкы прокуратура.
Бирок, айыпталуучу Одина Хайдарова буга чейин өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келген. Былтыр август айында ал "Озоди" радиосуна берген маегинде кыйноого кабылгандыктан ошондой көргөзмө бергенин айтып, бирок аны ким жана кантип кыйнагандыгын айткан эмес.
Анын айтымында, мурунку келининин үй-бүлөсү өч алууну көздөгөн, ошондуктан ага жалаа жаап жатышат. Эмне үчүн кичинекей бала алардын үйүндө капыстан өзүн жаман сезип, кансырап баштаганын сураганда, Одина: "Кыз көпкө чейин ооруп жүргөн, бөйрөгү ооруп, кээде ушундай болуп калчу", - деп жооп берди.
Кыздын энеси буга чейин, журналисттерге берген маегинде күйөөсү менен үч жыл мурун ажырашканын айткан. «Ал мага алимент төлөйт, ошондуктан кызы менен жолугушууга укуктуу. Иди Курбон (мусулмандардын курмандыкка чалуу майрамы) алдында күйөөсүнүн бир тууганы жана карындашы кызын сейилдөөгө алып барабыз деп жанына алып кетишкен. Эртеси мурунку кайнатам телефон чалып, кыз ооруп жатат деди. Мен кызымды ооруканага алып бардым. Көп сааттык операциядан кийин дарыгерлер кыз зордукталганын билдиришти», - деди ал.
Тажикстанда зордуктоо үчүн 12 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратуу , өлүм жазасы же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Добавить комментарий ×