Тажикстанда сел жүрүп, 6 киши каза болду

12 май 2021 12:37 562 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok


11-майда Тажикстандын районундорунда сел жүрдү. Кырсыктан 6 киши көз жумду. Бул тууралуу Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, Куляб шаарында эки, Шамсиддин Шохин районунда үч жана Гиссар шаарында бир киши каза болгон.

«Көз жумгандардын сөөктөрүн куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар табышты. Бул акыркы сан эмес, курмандыктар дагы көбөйүшү мүмкүн. Тилсиз жоодон кеминде 80 турак-жай зыянга учурады », — деди комитеттин басма сөз катчысы Умеда Юсуфи.

Кечээ, 11-майда, нөшөрлөп жааган жаандан кийин Тажикстандын бир нече аймагында сел жүргөн. Куляб-Душанбе унаа жолун суу каптап, транспорт каражаттарынын кыймылы токтогон.

Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstanda-sel-zhrp-6-kishi-kaza-boldu



Добавить комментарий