Тажикстанда небересин тирүүлөй көмгөн чоң эне күчөтүлгөн тартипте 18 жылга эркинен ажыратылды
Бөлүшүү:
Тажикстанда небересин тирүүлөй көмгөн чоң эне күчөтүлгөн тартипте 18 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” маалымат сайты жазды.
Аталган окуя быйыл 12-сентябрда Абдурахмон Жоми районунун Навобод айылында болгон.
Хожара Ашурова үч жашар небересин тирүүлөй көөмп, өлтүргөн. Жаш баланын денеси алты күндөн кийин табылган.
Хожара Ашурова тергөө учурунда небересин өз келини Гүлсанам Боймуродованы жек көргөнүнөн улам өлтүргөнүн моюнга алган.
Добавить комментарий ×