Тажикстан Улукбек Мариповдун Төрт-Гүл суу сактагычы тууралуу айткан билдирүүсүнө жооп кайтарды

10 февраль 2021 15:46 7796 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын өкмөт башчысы Улукбек Мариповдун Төрт- Гүл суу сактагычынын башаты тууралуу айткан билдирүүсүнө жооп кайтарды. Бул тууралуу Тажикстандын Asia-Plus агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Билдирүүдө, тажик-кыргыз мамлекеттик чек ара тилкесин делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аягына чыга электиги айтылат.

«Тажикстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрү уланууда. Эл аралык укук ченемдерге ылайык, тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо аяктаганга чейин, министр айткан Төт-Гүл суу сактагычынын башаты такталбаган деп эсептелет. Учурда бир тарап талаштуу аймакты экинчи тарапка өткөрүп берүү жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес ”, - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Министрлик коңшу өлкөнүн саясатчыларын тажик-кыргыз чек арасы боюнча билдирүүлөргө өтө этияттык менен мамиле кылууга чакырат.

"Анткени текшерилбеген маалыматтарды жайылтуу эки боордош мамлекеттин чек ара аймактарындагы кырдаалды туруксуздаштырууга түрткү бериши мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, премьер-министр Улукбек Марипов 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Төрт-Гүл суу сактагычы тууралуу айтып жатып, каналдын башы өтүп кеткенин айткан. Бул билдирүү коомчулуктун арасында бир топ чуу жаратып, бул маалыматтын чын-бышыгын аныктап, коомчулукка ачык маалымат берилиши керектиги айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstan-ulukbek-maripovdun-trt-gl-suu-saktagychy-tuuraluu-ajtkan-bildirsn-zhoop-kajtardy



Добавить комментарий